Difference between revisions of "АКТЁРДУК ИСКУССТВО"
м (→top: категория кошуу) |

(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКТЁРДУК ИСКУССТВО''' ‒ сахналык образ түзүү өнөрү. Актёрдук искусство пьесанын маанисине, жанрына, стилине ж. б. жараша болот. Театр оюнун көрсөтүүдө актёр ойноп жаткан каармандын ички дүйнөсүн ачып, мүнөзүн табууга аракеттенет. Буга ал тубаса мүмкүнчүлүктөрү: үнү (операда, вокалдык | '''АКТЁРДУК ИСКУССТВО''' ‒ сахналык образ түзүү өнөрү. Актёрдук искусство пьесанын маанисине, жанрына, стилине ж. б. жараша болот. Театр оюнун көрсөтүүдө актёр ойноп жаткан каармандын ички дүйнөсүн ачып, мүнөзүн табууга аракеттенет. Буга ал тубаса мүмкүнчүлүктөрү: үнү (операда, вокалдык искусстводо), дене түзүлүшү, кыймыл-аракети (балетте, бийде), мимикасы, байкагычтыгы, элестете билүүсү, эске тутуусу аркылуу жетишет. Образдын сырткы кебетесин берүү үчүн актёр гримди (кээде ''беткепти''), костюмду пайдаланат. Актёрдук искусствонун негизги максаты ‒ турмуштук көрүнүштү оюн түрүндө кайталап көрсөтүү. Анын элементтери байыркы заманда эле диндик, эмгектик, үрп-адат салттарында пайда болгон. Б. з. ч. 5-кылымда Байыркы Грецияда актёрлор атайын балдак (катурна) менен боюн узартып, ар кандай беткеп кийип, үндөрүн катуу чыгаруу үчүн түрдүү чараларды колдонгон. Байыркы Римде актёрдук искусствого айрыкча аскиячыл Эзоптун жана куудул К. Росцийдин чыгармачылыгы дем берген. Орто кылымда Европада карнавал, оюн-зооктор, социалдык шылдыӊ-тамаша, какшыктар кеӊири тарап, аткаруучулук өнөрдү такшалткан. Россияда 10‒11-кылымдарда эл кыдырып оюн көрсөткөн скоморохтор пайда болгон. 16‒17-кылымдарда Европада, айрыкча Англияда, Испанияда актёрдук өнөр кесип катары кабыл алынат. Буга Шекспирдин, Лопе де Веганын, Кальдерондун чыгармаларын аткаруу зор демилге болот. 17‒18-кылымдарда Францияда калыптанган классицизм доору актёрдук аткаруучулукка жаӊы талап коёт. Актёрдун сахнадагы жүрүш-турушуна, үнүнө (вокал) айрыкча көӊүл бурушат. 18‒19-кылымдарда Мольердин, Гётенин ж. б. чыгармаларын аткарууда ал ''амплуа'' боюнча калыптанат, башкача айтканда ар бир актёр өзүнө таандык трагик (кайгылуу), комик (куудул), лирик (ашык болгон) резопер (насаат айткан акылман) болуп бөлүнүп, сахнада бир беткей гана ролдорду аткарат. 19-кылымдын соӊунда Россияда өз жолу менен калыптанып, замандын талабына, чыныгы турмушка (реализмге) үндөшө баштайт. Буга А. Пушкиндин, А. Грибоедовдун, А. Сухово Кобылиндин, А. Островскийдин, кийин А. Чеховдун, М. Горькийдин сахналык чыгармаларын аткаруу негиз болот. Орустун белгилүү сахна ишмерлери Ф. Г. Волков, М. С. Щепкиндин демилгеси менен актёрдук искусствонун өзүнчө мектеби калыптанат. Россияда 19-кылымдын 2-жарымынан реалисттик актёрдук искусство идеялык жактан чоӊ күчкө, чеберчиликке жетишкен. Актёрду тарбиялоодо К. С. ''Станиславский'' түзгөн методология дүйнөлүк мааниге ээ болду. 20-жылдарда орустун реалисттик мектептеринин алдыӊкы салттарынын негизинде өзбек, тажик ж. б. элдердин актёрдук искусствосунун улуттук мектептери пайда болгон. Кыргыздарда актёрдук искусствонун элементтери акындардын айтышынан, куудулдардын өнөрүнөн (мис., Шаршен, Куйручук), улуттук оюндардан көрүнөт. Кыргызстанда актёрдук искусство совет мезгилинде гана өзүнүн профессионалдык деӊгээлине жетти: СССР эл артисттери ''М. Рыскулов, Д. Күйүкова, Б. Бейшеналиева, А. Мырзабаев, Б. Кыдыкеева'' ж. б. түзгөн образдарда идеялык тереӊдик, көркөм жетилгендик ачык көрүнөт.
''М. Байжиев.''

[[Категория:1-Том]] |
09:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АКТЁРДУК ИСКУССТВО ‒ сахналык образ түзүү өнөрү. Актёрдук искусство пьесанын маанисине, жанрына, стилине ж. б. жараша болот. Театр оюнун көрсөтүүдө актёр ойноп жаткан каармандын ички дүйнөсүн ачып, мүнөзүн табууга аракеттенет. Буга ал тубаса мүмкүнчүлүктөрү: үнү (операда, вокалдык искусстводо), дене түзүлүшү, кыймыл-аракети (балетте, бийде), мимикасы, байкагычтыгы, элестете билүүсү, эске тутуусу аркылуу жетишет. Образдын сырткы кебетесин берүү үчүн актёр гримди (кээде беткепти), костюмду пайдаланат. Актёрдук искусствонун негизги максаты ‒ турмуштук көрүнүштү оюн түрүндө кайталап көрсөтүү. Анын элементтери байыркы заманда эле диндик, эмгектик, үрп-адат салттарында пайда болгон. Б. з. ч. 5-кылымда Байыркы Грецияда актёрлор атайын балдак (катурна) менен боюн узартып, ар кандай беткеп кийип, үндөрүн катуу чыгаруу үчүн түрдүү чараларды колдонгон. Байыркы Римде актёрдук искусствого айрыкча аскиячыл Эзоптун жана куудул К. Росцийдин чыгармачылыгы дем берген. Орто кылымда Европада карнавал, оюн-зооктор, социалдык шылдыӊ-тамаша, какшыктар кеӊири тарап, аткаруучулук өнөрдү такшалткан. Россияда 10‒11-кылымдарда эл кыдырып оюн көрсөткөн скоморохтор пайда болгон. 16‒17-кылымдарда Европада, айрыкча Англияда, Испанияда актёрдук өнөр кесип катары кабыл алынат. Буга Шекспирдин, Лопе де Веганын, Кальдерондун чыгармаларын аткаруу зор демилге болот. 17‒18-кылымдарда Францияда калыптанган классицизм доору актёрдук аткаруучулукка жаӊы талап коёт. Актёрдун сахнадагы жүрүш-турушуна, үнүнө (вокал) айрыкча көӊүл бурушат. 18‒19-кылымдарда Мольердин, Гётенин ж. б. чыгармаларын аткарууда ал амплуа боюнча калыптанат, башкача айтканда ар бир актёр өзүнө таандык трагик (кайгылуу), комик (куудул), лирик (ашык болгон) резопер (насаат айткан акылман) болуп бөлүнүп, сахнада бир беткей гана ролдорду аткарат. 19-кылымдын соӊунда Россияда өз жолу менен калыптанып, замандын талабына, чыныгы турмушка (реализмге) үндөшө баштайт. Буга А. Пушкиндин, А. Грибоедовдун, А. Сухово Кобылиндин, А. Островскийдин, кийин А. Чеховдун, М. Горькийдин сахналык чыгармаларын аткаруу негиз болот. Орустун белгилүү сахна ишмерлери Ф. Г. Волков, М. С. Щепкиндин демилгеси менен актёрдук искусствонун өзүнчө мектеби калыптанат. Россияда 19-кылымдын 2-жарымынан реалисттик актёрдук искусство идеялык жактан чоӊ күчкө, чеберчиликке жетишкен. Актёрду тарбиялоодо К. С. Станиславский түзгөн методология дүйнөлүк мааниге ээ болду. 20-жылдарда орустун реалисттик мектептеринин алдыӊкы салттарынын негизинде өзбек, тажик ж. б. элдердин актёрдук искусствосунун улуттук мектептери пайда болгон. Кыргыздарда актёрдук искусствонун элементтери акындардын айтышынан, куудулдардын өнөрүнөн (мис., Шаршен, Куйручук), улуттук оюндардан көрүнөт. Кыргызстанда актёрдук искусство совет мезгилинде гана өзүнүн профессионалдык деӊгээлине жетти: СССР эл артисттери М. Рыскулов, Д. Күйүкова, Б. Бейшеналиева, А. Мырзабаев, Б. Кыдыкеева ж. б. түзгөн образдарда идеялык тереӊдик, көркөм жетилгендик ачык көрүнөт.
М. Байжиев.