Difference between revisions of "АДАМ УКУКТАРЫ"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДАМ УКУКТАРЫ''' – адамдын мүдөөлөрүн мыйзам чегинде жүзөгө ашыруу мүмкүндүгү. | '''АДАМ УКУКТАРЫ''' – адамдын мүдөөлөрүн мыйзам чегинде жүзөгө ашыруу мүмкүндүгү. Адам укуктары табигый жанa социалдык болуп экиге бөлүнөт. Табигый укуктар – адамдын тиричилигинен келип чыккан (мисалы, өмүр сүрүү, эркиндикке жетишүү, керт башынын кол тийбестиги ж. б.) укуктары. Социалдык укуктар – адамдын мамлекет <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> өз ара аракет процессинде пайда болгон (мисалы, билим алууга, эмгектенүүгө, бакубат өмүр сүрүүгө, жарандык алууга, сот адилеттигине баш ийүүгө, эркин жүрүп‑турууга, мүлккө ээ болууга укуктуу). Адам укугунун жоболору улуттук деңгээлде Конституцияда жанa мыйзам актыларында (мисалы, жарандык Кодексте, кылмыштык Кодексте, Жарлыктарда ж. б. атайын мыйзамдарда) каралган. Эл аралык деңгээлде Адам укугун коргоо Адам укугу жөнүндөгү эл аралык чечимдерге негизделген, ага Адам укуктарынын жалпыга бирдей Декларациясы (10.12. 1948), Экономикалык, социалдык жанa маданий укуктар тууралуу пакт (12. 12. 1966), Жарандык жанa саясий укуктар тууралуу пакт (19.12.1966), Жарандык жанa саясий укуктар тууралуу пактынын экинчи факультативдик тиркемесинде (19. 12. 1966) көрсөтүлгөн. Адам укугу эл аралык конвенцияларда иштелип чыккан адам укуктарын коргоого, кадыр‑баркын кемсинтүүнүн бардык түрүн жоюуга, адамды барымтага кармоого каршы күрөшүүгө, апартеиддик кылмыштардын жолун бөгөп, ал үчүн жаза белгилөөгө ж. б. багытталган. Адам укугун эл аралык деңгээлде коргоо жанa көзөмөл иши Эл аралык эмгек уюмуна, ЮНЕСКОнун Маданият <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> билим тармагындагы Шериктештик уюмуна, Ден соолукту сактоо уюмуна жүктөлгөн.<br> | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДАМ УКУКТАРЫ – адамдын мүдөөлөрүн мыйзам чегинде жүзөгө ашыруу мүмкүндүгү. Адам укуктары табигый жанa социалдык болуп экиге бөлүнөт. Табигый укуктар – адамдын тиричилигинен келип чыккан (мисалы, өмүр сүрүү, эркиндикке жетишүү, керт башынын кол тийбестиги ж. б.) укуктары. Социалдык укуктар – адамдын мамлекет менен өз ара аракет процессинде пайда болгон (мисалы, билим алууга, эмгектенүүгө, бакубат өмүр сүрүүгө, жарандык алууга, сот адилеттигине баш ийүүгө, эркин жүрүп‑турууга, мүлккө ээ болууга укуктуу). Адам укугунун жоболору улуттук деңгээлде Конституцияда жанa мыйзам актыларында (мисалы, жарандык Кодексте, кылмыштык Кодексте, Жарлыктарда ж. б. атайын мыйзамдарда) каралган. Эл аралык деңгээлде Адам укугун коргоо Адам укугу жөнүндөгү эл аралык чечимдерге негизделген, ага Адам укуктарынын жалпыга бирдей Декларациясы (10.12. 1948), Экономикалык, социалдык жанa маданий укуктар тууралуу пакт (12. 12. 1966), Жарандык жанa саясий укуктар тууралуу пакт (19.12.1966), Жарандык жанa саясий укуктар тууралуу пактынын экинчи факультативдик тиркемесинде (19. 12. 1966) көрсөтүлгөн. Адам укугу эл аралык конвенцияларда иштелип чыккан адам укуктарын коргоого, кадыр‑баркын кемсинтүүнүн бардык түрүн жоюуга, адамды барымтага кармоого каршы күрөшүүгө, апартеиддик кылмыштардын жолун бөгөп, ал үчүн жаза белгилөөгө ж. б. багытталган. Адам укугун эл аралык деңгээлде коргоо жанa көзөмөл иши Эл аралык эмгек уюмуна, ЮНЕСКОнун Маданият менен билим тармагындагы Шериктештик уюмуна, Ден соолукту сактоо уюмуна жүктөлгөн.