Difference between revisions of "АВАР КАГАНДЫГЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (→‎top: категория)
 
(10 intermediate revisions by 6 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
  Борб. Азияда (4-к-дын аягы) ж-а Борб. Европада (6-к.) өкүм сүргөн түрк тилдүү көчмөн уруулар мамлекети. А. к-нын бор бору алгач Монголиядагы Халха д-сынын боюнда жайгашкан. Кагандыктын бийлөөчүсү Шэлунун тушунда аскердик-аймактык реформалар жүргүзүлүп, мамлекеттин күч-кубаты чыңалган. Бирок, 552-ж. аварларга баш ийген башка түрк уруулары мамлекетти кыйратышкан. Авар урууларынын бир бөлүгү Корея м-н Түн. Кытайга, экинчиси батышка жер которгон. Батышка кет кен авар уруулары Каспий деңизинин түндүгү, Волга бою, Түн. Кавказды мекендеген гунн уруу лары м-н аралашып, Византиянын чек араларына жакын кирип барган. 558-ж. Кандих башкарган алгачкы элчилиги Византияга келип, конуш сурап кайрылган ж-а союздаш болуу сунушун билдирген. Византия аварларды чыгыш славян урууларына каршы согушка пайдаланган. 567–568-ж. аварлар Византия, лангобард ж-а лепид урууларынын ортосундагы карамакаршылыктардан пайдаланып жерг. славян, герман ж-а роман урууларын багындырган ж-а Кар пат ойдуңунун чоң бөлүгүн ээлөө м-н Паннонияда (азыркы Венгрия, Австрия, Югославиянын аймактары) борб. азиялык көчмөн уруулардын мамлекетин - А. к. негиздеген. Аны көрүнүктүү кол башчы Баян хан башкарган. Андан ары авар лар франктарга, славяндарга, лангобарддарга, Византияга жортуулдарды уюштурушкан. Алар Эльбадан Кавказга, Дондон Адриатикага чейинки аймактарга саясий таасирин тийгизип турду. 582-ж. аварлар Византияга караштуу Сирмий, 7-к-дын башында Далмация аймактарын басып алып, салык төлөп турууга мажбурлаган. Баян хан өлгөндөн кийин мамлекетте ички карама-каршылыктар күчөп, мамлекеттин алсырашына алып келген. 626-ж. аварлардын биргелешкен күчү Константинополдун алдында талкалангандан кийин, алардын экспансиясы токтогон. Улуу Карлдын франктарынын, болгар ханы Крымдын ж-а славян уруу бирикмелеринин соккулары астында 8-к-дын аягы – 9-к-дын башында А. к. кыйраган. Верден келишиминде (843-ж.) Улуу Карлдын мураскерлерине таандык деп белгиленген «Авар королдугу» ж-дө эскерилет. А. к-нын түш.-чыгыш аймактары Болгар падышалыгынын курамына кирген, айрым ай мактарында славян саясий бирикмелери пайда болгон. Ошондон кийин аварлар Батыш Кара деңиз ж-а Дунай боюндагы элдердин курамына сиңип кеткен, к. Аварлар.<br>
'''АВАР КАГАНДЫГЫ''' Борбордук Азияда (4-кылымдын аягы) жана Борбордук Европада (6-кылым ) өкүм сүргөн көчмөн уруулардын мамлекети. Аварлар тууралуу алгач византиялык тарыхчы Прискнин эмгегинде эскерилет. Ал боюнча савир урууларын талкалаган аварлар 461–465-ж. Константинополго элчилерин жиберген. ''Ибн-Хордадбектин'' (820–913) эмгеги «Китаб ал-масалик ва-л-мамаликте» хазар уруулары менен бирге «абар» уруулары эскерилет. Бирок аварлардын теги жана кайсы тилде сүйлөгөнү тууралуу азырынча так айтуу мүмкүн эмес. Э. ''Шаванн'' аварларды байыркы ''уйгур'' урууларына, В. ''Томсен'' байыркы түрк жазма эстеликтериндеги «апар апурумга» байланыштырса, А. Н. ''Бернштамдын'' пикиринде  1) жергиликтүү, 2) ''гунн'' (хунн), 3) ''түрк'' (''эфталит''), 4) ''жуан-жуан'' урууларынан куралган курама эл болгон. 568-ж. аварлар Рим империясынын Паннония провинциясында (азыркы Венгрия, Австриянын чыгышын, Словакиянын түштүк-батышын, Сербиянын түндүк-чыгышын, Словения, Хорватия жана Босния менен Герцеговинанын түндүгүн ээлеген чоң аймак) пайда болуп, 630-ж. Далмацияны басып алып, Италиядагы франктарды талкалап, түштүк-чыгышынан Константинополь менен чектешип калган. Баян хандын тушунда (562–602) гүлдөгөн абалга жеткен. 796-ж. Италиянын королу Пипин аварларга каршы жүрүшкө чыгып, Дунайдын жээгинде келгенде, алар ханын өлтүрүп, толук багынганын билдиришкен. Кийинчерээк Авар кагандыгынын түштүк-чыгыш аймактары Болгар падышалыгына карап, айрым аймактарында славян саясий бирикмелери пайда болгон. Ошондон кийин аварлар Батыш Кара деңиз жана Дунай боюндагы элдердин курамына сиңип кеткен, к. ''Аварлар''.
Ад.: ''Дацм Ф.'' История и археология авар. Материалы по археологии, истории и этнографии Таврии. Т. 9. Симферополь, 2002.<br>


Ад.: Бернштам А. Н. Аварский каганат. /Очерк истории гуннов. Л., 1951; Радлов B.B. К вопросу об уйгурах. Из предисловия к изданию Кудатку-Билика. Приложение к LXXII-му тому Записок Императорский Академии наук. №2. СПб., 1893; Ed. Chavannes. Documents sur les Tou-kiue Occidentaux, СПб., 1903.<br>
[[Категория:1-Том]]

08:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АВАР КАГАНДЫГЫ – Борбордук Азияда (4-кылымдын аягы) жана Борбордук Европада (6-кылым ) өкүм сүргөн көчмөн уруулардын мамлекети. Аварлар тууралуу алгач византиялык тарыхчы Прискнин эмгегинде эскерилет. Ал боюнча савир урууларын талкалаган аварлар 461–465-ж. Константинополго элчилерин жиберген. Ибн-Хордадбектин (820–913) эмгеги «Китаб ал-масалик ва-л-мамаликте» хазар уруулары менен бирге «абар» уруулары эскерилет. Бирок аварлардын теги жана кайсы тилде сүйлөгөнү тууралуу азырынча так айтуу мүмкүн эмес. Э. Шаванн аварларды байыркы уйгур урууларына, В. Томсен байыркы түрк жазма эстеликтериндеги «апар апурумга» байланыштырса, А. Н. Бернштамдын пикиринде  1) жергиликтүү, 2) гунн (хунн), 3) түрк (эфталит), 4) жуан-жуан урууларынан куралган курама эл болгон. 568-ж. аварлар Рим империясынын Паннония провинциясында (азыркы Венгрия, Австриянын чыгышын, Словакиянын түштүк-батышын, Сербиянын түндүк-чыгышын, Словения, Хорватия жана Босния менен Герцеговинанын түндүгүн ээлеген чоң аймак) пайда болуп, 630-ж. Далмацияны басып алып, Италиядагы франктарды талкалап, түштүк-чыгышынан Константинополь менен чектешип калган. Баян хандын тушунда (562–602) гүлдөгөн абалга жеткен. 796-ж. Италиянын королу Пипин аварларга каршы жүрүшкө чыгып, Дунайдын жээгинде келгенде, алар ханын өлтүрүп, толук багынганын билдиришкен. Кийинчерээк Авар кагандыгынын түштүк-чыгыш аймактары Болгар падышалыгына карап, айрым аймактарында славян саясий бирикмелери пайда болгон. Ошондон кийин аварлар Батыш Кара деңиз жана Дунай боюндагы элдердин курамына сиңип кеткен, к. Аварлар.

Ад.: Бернштам А. Н. Аварский каганат. /Очерк истории гуннов. Л., 1951; Радлов B.B. К вопросу об уйгурах. Из предисловия к изданию Кудатку-Билика. Приложение к LXXII-му тому Записок Императорский Академии наук. №2. СПб., 1893; Ed. Chavannes. Documents sur les Tou-kiue Occidentaux, СПб., 1903.