КЕЛДИБЕКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛДИБЕКОВ Ахматбек (15. 6. 1966, Ош облусу, Алай району, Сопу-Коргон кыштагы) – мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төра­гасы (2010). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти (2007).


Воронеж (Россия) политехникалык институтун (1990), Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин (1999), Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын (2010) бүтүргөн. 1990–1992-жылдары Кыр­гыз ССР Илимдер академиясына караштуу «Импульс» илимий-изилдөө борборун­да инженер, улук инженер, 1992–1993-жылдары машина куруу институтунда директордун орун басары, 1993–1994-жылдары Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинде башкы адис, 1995–1998-жылдары бөлүм башчы, 1998–2001-жылдары башкармалыктын башчысы, 2001–2002-жылдары Кыргыз Республикасынын фи­нансы министринин орун басары, 2002–2005-жылдары Кыргыз Республикасынын пенсиялык фондунун төрагасы, 2008–2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Салык жыйноо жана чогултуу боюнча комитетинин төрагасы, 2009–2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка­раштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, 2010–2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депу­таты (3- жана 5-чакырылыштары). Салык кыз­матынын 2-рангадагы (2009), мамлекеттик кызматтын 1-класстагы (2011) мамлекеттик кеңешчиси. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын жана Бозок университетинин (Йозгат шаары, Түркия) ардактуу профессору (2011). 2 монографиясы, 30дан ашык макаласы, 8 автордук күбөлүгү бар. «Даңк» медалы жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн «Шериктештик» ордени менен сыйланган.