КАЛЬМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ЛЬМАН Имре (24. 10. 1882, Шиофок, Авст­рия-Венгрия – 30. 10. 1953, Париж) – венгрия­лык жана австриялык композитор жана дирижёр. 1900–1904-жылдары Будапешт университетинин юридика факультетин­де, ошол эле жылдары музыкалык академияда Х. Кёс­лерден окуган. 1904–1908-жылдары «Pesti Naplo» гези­тинде жана драма театрда музыкалык сынчы болуп иш­теген. Жаңы Вена опереттасын түзүүчүлөрдүн бири. Тунгуч опереттасы – «Күзгү манёврлар» (1908). Белгилүү оперетталары: «Чардаш коро­левасы» («Сильва», 1915), «Баядера» (1921), «Марица» (1924), «Цирк ханышасы», «Марин­ка» (1945) жана башкалар. Ал 20 оперетта жазган. Оперет­тага венгр музыкалык фольклорун алгач колдонгон, аны демократташтырган. 1938-жылы эмиграцияга Швейцарияга кетип, 1940-жылдан Америка Кошмо Штаттарында, 1948-жылдан Францияда жашаган. Оперетталары дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө коюлуп келет.