БИРЮКОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИРЮ́КОВ Пётр Филиппович (1912-жылы туулган, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ивановка кыштагы – 1979, ошол эле жерде) – механизатор, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1929-ж. Ысык-Ата районундагы Фурманов атындагы

коммунада тракторчу болуп иштөөдөн баштаган. 1930-жылдан Краснореченск МТСтин тракторчулар бригадасынын бригадири, механик, МТСтин директору. Анын бригадасы тейлеген «Красный путь», Ленин атындапгы колхоздо 1947-ж. 65 га аянттагы канткызылчасынын ар гектарынан 427,5 ц түшүм жыйнаган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.