БОЛИВИЯЛЫКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:39, 2 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛИВИЯЛЫКТАР (өздөрүн б о л и в и а н о с деп аташат) – Боливия Республикасынын негизги калкы. Аргентина жана башка өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 3200 миң (2019) киши, анын ичинен Боливияда 3 млн, Аргентинада 150 миӊ. Испан тилинде сүйлөшөт. Дини – католик, ошондой эле протестанттар да бар. Боливиялыктардын этностук негизин испан – индей метистери (чоло) менен бара-бара ассимиляцияланып бара жаткан индейлер (каничана, каювава жана башка) түзөт. 1952-жылдагы революция (агрардык реформа, кен чыга турган жерди улутташтыруу, индейлерге теӊ укуктарды берүү жана башкалар) Боливиялыктардын улуттук консолидацияланышына түрткү берди. Агрардык реформадан кийин община, айыл чарба кооперативдери, өнөр жайлардын өнүгүшү активдештирилди. Боливиялыктар дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесип кылышат. Чолонун көбү соодагер, майда кызматчы жана адис жумушчулар. Тамак-ашы негизинен кофе, пуна (картошка, буудай, жүгөрү) жана эт азыктары.