БОЛГОНДУ МӨӉГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 1 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛГОНДУ МӨӉГҮСҮ – Какшаал кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөӊгү. Узундугу 5,4 км, аянты 7,8 км2. Какшаал дарыясынын сол курамы Мүдүрүмдүн алабында жайгашкан. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 4200 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Абляция облусунун аянты 1,8 км2. Андан Болгонду суусу башталат.