КОРРЕЛЯЦИЯ (илим мене техникага байланышкан термин)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:04, 29 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОРРЕЛЯЦИЯ 1 to КОРРЕЛЯЦИЯ (илим мене техникага байланышкан термин)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРРЕЛЯ́ЦИЯ (лат. correlation – өз ара-ка­тыш) – илим м-н техниканын түрдүү тармагын­да түшүнүктөр, предметтер ж-а функциялардын катышын, туура келүүчүлүгүн, көз каранды­лыгын белгилөөдө колдонулуучу термин. М а­ т е м а т и к а л ы к с т а т и с т и к а д а – так функциялык мүнөзгө ээ эмес чоңдуктар (башкача айтканда кокус чоңдук­тар) ортосундагы ыктымалдык (статистикалык) көз карандылык. Корреляция функциялык көз каранды­лыктан айырмаланып, чоңдуктардын бири экинчисине гана көз каранды болбостон, бир катар кокус себепке да көз каранды учурда ка­ралат.