КОРОМЖУЛУК
КОРОМЖУЛУК – тереңдиктен кен казып алып жатканда, казууга мүмкүн болбогон баланстык запастын бир бөлүгү. Өз ичинен жалпы шахталык (жалпы рудниктик, жалпы карьердик, жалпы кен издөөчүлүк) ж-а эксплуатациялык коромжулукка бөлүнөт. Ж а л п ы ш а х т а л ы к к а целиктер, капиталдык казмалардын айланасы, скважиналар, шахта талаасынын ортосундагы барьердик целиктер, техникалык ж-а чарбалык курулуштардын, коммуникациялардын, суу сактагычтардын, коруктардын асты, суулуу ойдуңдар кирет. Э к с п л у а т а ц и я л ы к коромжулук массив ичиндеги (казылган аянттардагы, кен кабатынын таманы м-н жабуусундагы целиктер, кендин ичкерип, жукарып кеткен бөлүгү, өрт чыккан, суу каптаган, ураган жерлер, тектоникалык жаракалар) ж-а массивден тышкары (жанаша жаткан тектер м-н бирге казылган аралашмалар, урап түшкөн, кулаган, суу кирген, кенди жүктөп түшүргөн, жыйган, сорттогон кездеги жоготуулар, транспорттук коромжулук) түрлөрдөн турат. Коромжулук салмагы ж-а проценттик саны боюнча аныкталат. Жалпы шахталык коромжулук жалпы баланстык запаска, эксплуатациялык коромжулук коромжулуктун баланстык запаска болгон катышы боюнча эсептелет. Көп компоненттүү кенташтарда өнөр жайлык мааниси бар элементтердин ар бири өз алдынча эсепке алынат. Коромжулук атайын өлчөөлөр же маркшейдерлик план боюнча эсептелет.