ДҮЙШЕЕВ Эсенбек
ДҮЙШЕЕВ Эсенбек [22. 06. 1941, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе облусу, Ленинполь району, Калинин (азыркы Ынтымак) айылы – 22. 12. 2021, Бишкек шаары] – партиялык жана мамлекеттик ишмер. 1963-жылы Кыргыз Айыл Чарба институтун (КАЧИ), 1984-жылы Алма-Ата жогорку партиялык мектебин бүтүргөн. 1963–

1966-жылдарда Ленинполь (азыркы Бакай-Ата) районундагы Калинин атындагы колхоздо механик, башкы инженер, 1966–1975-жылдарда Совет, Өзгөн, Талас райондук «Кыргызайылчарбатехника» бирикмесинде башкармалыктын башчысы, 1975– 1979-жылдарда Кыргыз ССР Айыл Чарба министрлигинде механика жана электрлештирүү боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, 1979–1980-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Иш башкармалыгында айыл чарба, суу чарба курулуш боюнча бөлүм башчы, 1980–1985-жылдарда партиянын Ысык-Көл райондук комитетинин, 1985–1988-жылдарда партиянын Талас обкомунун 1-секретары, 1988–1990-жылдарда Кыргыз ССРинин министри, Мамлекеттик агрардык өнөр жай комитетинин төрагасынын 1-орун басары, 1990–1991-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын 1-орун басары, Мамлекеттик агрардык өнөр жай комитетинин төрагасы, 1991–1992-жылдарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы, 1992–1997-жылдарда чет элдик жардамдар боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы, 1997–2004-жылдарда вице-президент, «Кыргызайылтехсервиз» акционердик компаниясынын деректирлер кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 12-чакырылышынын депутаты (1985–1990). Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.