ДҮЙШӨБАЕВ Кеңешбек
ДҮЙШӨБАЕВ Кеңешбек Асанбекович [08. 07. 1957, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе (азыркы Чүй) облусу, Кемин району,

Боролдой айылы] – милициянын генерал-майору (1997). СССР Ички Иштер министрлигинин Караганды жогорку мектебин (1978), СССР СССР Ички Иштер министрлигинин академиясын (1987) бүтүргөн. 1978-жылы Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, 1979–1985-жылдарда Кыргыз ССР Ички Иштер министрлигинин тергөө башкармалыгында тергөөчү, улук тергөөчү, 1987–1993-жылдарда Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, 1993–1997-жылдарда Ысык-Көл (азыркы Балыкчы) шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниги, 1997–2000-жылдарда Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин (ИИМ) башкы штабынын начальниги, 2000– 2001-жылдарда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги, 2001–2002-жылдарда Кыргыз Республикасынынын Ички Иштер министринин орун басары, министрдин милдетин аткаруучу, 2002–2004-жылдары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, Кыргыз Республикасынынын Ички Иштер министринин орун басары, 2005-жылдын 23–25-мартында Кыргыз Республикасынынын Ички Иштер министри. 2005-жылы «Акыйкат жана Адилеттүүлүк» партиясын түзүп, аны жетектеген. 2010-жылдан Кыргыз Республикасынынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик кызматынын төрагасы, 2013–2015-жылдары Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) генералдык катчысынын орун басары болуп иштеген. 15. 10. 2020 – 27.10. 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы. Милициянын отличниги. Медалдар менен сыйланган.