ДЫЙКАН ДЕПУТАТТАР СОВЕТИНИН ОЛУЯ-АТА УЕЗДИНДЕГИ БИРИНЧИ СЪЕЗДИ
ДЫЙКАН ДЕПУТАТТАР СОВЕТИНИН ОЛУЯ-АТА УЕЗДИНДЕГИ БИРИНЧИ СЪЕЗДИ – большевиктердин демилгеси менен 1917-жылы 1-декабрында Олуя-Ата шаарында өткөн жыйын. Съездде жергиликтүү бийлик толук бойдон Советтердин колуна өтүүсүн талап кылган токтом кабыл алынып, депутаттар советинин аткомуна 4 адам шайланган. Съезд Талас өрөөнүндө Совет бийлигинин орношуна түрткү болгон.