ГУРОВ Юрий Сергеевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУРОВ Юрий Сергеевич – [28. 05. 1924, СССР, РСФСР, Кыргыз АССРи (азыркы Казакстан Республикасы), Акмоло шаары – 17. 04. 1945, Дьёр, Венгрия] – Советтер Союзунун Баатыры (13. 09. 1944). 1941-жылы Москва шаарындагы ремеслолук училищени аяктап, ошол эле жерде токарь болуп иштеген.

Советтик Армиянын катарына Кыргыз ССРинин Фрунзе шаардык аскер комиссариаты тарабынан 1942-жылы март айында чакырылган. Кенже лейтенант Юрий Гуров 57-армиясынын 64-аткычтар корпусунун 52-аткычтар дивизиясынын 429-аткычтар полкунун ротасына командачылык кылып,  Сталинград, Дон, Түштүк-Батыш, 3-Украина, 3-Белорус фронтторунда салгылашкан жана Харьков шаары, Түштүк Буг, Молдавия, Румыния, Болгария, Югославия, Венгрияны бошотууга катышкан. 1944-жылы 12–13-апрелде Днестр дарыясын кечип өтүүдөгү Ю. Гуровдун ротасынын көрсөткөн эрдиги үчүн ага Советтер Союзунун Баатыры (№ 3426) наамы берилген. Мурса-Слобода шаарына (Югославия) жакын жерде салгылашууда оор жаракат алып, госпиталда каза болгон. Сөөгү Будапешт шаарына коюлган.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.