КАЙЫПОВ Аалыбай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 18 Май (Бугу) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫПОВ Аалыбай (24. 05. 1953, СССР, Кыргыз ССРи, Тянь-Шань облусу, Ат-Башы району, Жаңы-Күч айылы) – гене­рал-майор (2004). Кыргыз Мамлекеттик Дене Тарбия институтун (1975), СССР кооп­суздук комитетинин кесипти жогорулатуу жогорку

курстарын (Ташкент, 1980; Москва, 1983; Киев, 1988) бүтүргөн. 1975–1977-жылдарда КМДТИде окутуучу, 1977–1995-жылдарда Кыргызстан улуттук коопсуздук комитетинде кызматта, 1995–1996-жылдарда Кыргыз Республикасыныны ички иштер министринин 1-орун басары, 1996–1998-жылдарда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, 1998–2000-жылдарда Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин кылмыш издөө башкармалыгынын начальниги, 2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Чек Ара кызматынын төрагасынын орун ба­сары, төрагасы болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.