ИСКАКОВ Полот

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:21, 14 Май (Бугу) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСКАКОВ Полот Турдукожоевич (08. 10. 1931, СССР, Кыргыз АССРи, Пржевальск шаары) – дипломат, СССРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси (1986). Кыргыз Мамлекеттик университетин (1958), Москвадагы СССР Тышкы Иштер министрлигинин жогорку дипломатиялык мектебин (1964) бүтүргөн. 1958–1961-жылдарда комсомолдун Фрунзе обкомунда инструктор, Кыргызстан ЛКЖС БКда бөлүм башчы­нын орун басары, 1964–1967-жылдарда Тунис Республикасында СССР элчилигинин 3-секретары, 1967–1970-жылдарда СССР ТИМдин борбордук аппаратында жооптуу кызматкер, 1970–1975-жылдарда СССРдин Гвинея Респ­убликасындагы элчилигинде 2-, 1-секретарь, 1977–1982-жылдарда СССРдин Алжир Элдик Демократиялык Республикасындагы элчилигинде кеңешчи, 1982–1986-жылдарда СССР ТИМдин кадрлар жана окуу жайлар башкы баш­кармалыгында эксперт, 1986–1991-жылдарда СССРдин Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Оран шаарын­дагы элчилигинде генералдык консул болуп иш­теген.