ИСАКОВ Исмаил
ИСАКОВ Исмаил (10. 06. 1950, СССР, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Алай району, Сопу-Коргон айылы) – генерал-лейтенант (2005). Ташкент шаарындагы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын (1973), Марксизм-ленинизм университетин (Венгрия, 1978), М. В. Фрунзе атындагы аскер академиясын (1984), «Выстрел» жогорку офицердик курсун (1989), Россия Федерациясы Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер академиясын (1996), гуманитардык укуктук эл аралык институтту (Италия, 1998) бүтүргөн.

1973–1976-жылдары мотоаткычтар взводунун командири, 1976–1978-жылдары аскерлердин түштүк тобунда рота командири (Венгрия), 1978–1981-жылдары рота командири, штаб башчысы-мотоаткычтар батальонунун командиринин орун басары, батальон командири, 1984–1992-жылдары полк, база, дивизия штабдарынын жана полк командиринин башчысы, 1992–1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын күжүрмөн даярдык башкармалыгынын башчысы, 1994–1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы – Коргоо министринин биринчи орун басары, 2005–2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министри, 2008-жылдын октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы. 2009-жылы оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу жасалма кылмыш иши козголуп, анын негизинде 2010-жылы Бишкек гарнизонунун Аскердик соту И. Исаковду «генерал-лейтенант» аскердик наамынан ажыратып, 8 жылга күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында жаза өтөө тууралуу өкүм чыгарган. 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция учурунда түрмөдөн бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн мүчөсү; Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2010-жылы 15-апрелде Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясы аны толук актап, «генерал-лейтенант» наамын калыбына келтирген. 2010-жылы май – июль айларында Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча коомдук-саясий жана экономикалык кырдаалды жөнгө салуу маселелери боюнча атайын өкүлүнүн милдетин аткарган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (2000–2005; 2010-2012). Аскерлерди даярдоо боюнча бир нече окуу куралдарынын жана методикалык сунуштардын автору. 2- (2011) жана 3-даражадагы (2018) Манас ордени ж.б. медалдар менен сыйланган.