ИСАЕВ Рустамбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 13 Май (Бугу) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАЕВ Рустамбек (26. 06. 1951, СССР, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Ноокат району, Жал кыштагы) – юстициянын гене­рал-майору (1997), юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2001), прокуратуранын ардак­туу кызматкери (2001). 1977-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1968–1970-жылдарда «Чүй өнөр жай курулуш» трестинде жумушчу, 1977–1981-жылдарда Аламүдүн райондук проку­ратурасында стажёр, тергөөчү, прокурордун орун


басары, 1981–1988-жылдарда Кали­нин (азыркы Жайыл), Кант райондук прокура­тураларында прокурор, 1988–1991-жылдарда Кыргыз ССРи­нин башкы прокуратурасын­да бөлүм начальниги, 1991– 1997-жылдарда Бишкек шаардык, Ысык-Көл облустук прокуратура­ларында прокурор, 1997– 2004-жылдарда Кыргыз Республикасынын башкы про­курорунун орун басары – аскер прокурору, 2004-2012-жылдары Нарын, 2012-жылы Чүй облустук про­куратурасында прокурор, Кыргыз Республикасынын Башкы про­куратурасында прокурорлорду даярдоо борборунун директору.