БАЙЫРКЫ ЕВРЕЙ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 17 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ ЕВРЕЙ ТИЛИсемит тилдеринин бири. Библия (Эски осуят, биздин заманга чейин 12–3-кылымдар) жана Палестинадагы жазмалар (биздин заманга чейин 8–2-кылымдар) аркы­луу белгилүү. Биздин заманга чейин оозеки түрдө өнүккөн. Байыркы еврей тили илгери ханакей, кийин мишнаит (Тал­муддун алгачкы үлгүлөрү) тилдери деп аталган. Байыркы еврей тилинде диний, философиялык-илимий жана көркөм ада­бий чыгармалар жаралган. Бул тил кийин көп өзгөрүүлөргө учураган. Анын «мураскору» иврит тилинин лексикасында семит элементтери басымдуу.