БАЙЫР ТАРМАГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 17 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫР ТАРМАГЫ, б а з и с т и к т а р м а к – геодезиялык ченөөлөрдө колдонулуучу үч бурч­туктардын системасы. Ал жер бетинде тикеден­ тике өлчөнгөн геодезиялык кыска базистен, триангу­ляциянын курамына кирүүчү үч бурчтуктардын биринин узунураак жагына талап кылынган тактыкта өтүүнү камсыз кылат. Байыр тармагы триангу­ляциянын баштапкы жактарын түздөн-түз өлчөө мүмкүн болбогон учурларда түзүлөт.