БАЙТИК ЧОПО КЕНИ
БАЙТИК ЧОПО КЕНИ Чүй облусунун Сокулук районунда, Орок кыштагынан 500 м түштүк-чыгышта. Бозбөлтөк дөңсөөсүнүн түштүк-батыш капталында. 1954-жылы геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кендин аймагын антропоген мезгилинин борпоң чөкмө тектери түзөт. Чопо катмары делювий чөгүндүлөрүнөн пайда болгон дөңсөөдө жайгашып, лёсс сымал күл ботодон турат. Боз, саргыч боз түстө. Тыгыз, чанда бирин-серин шагыл бүртүкчөлөрү, гипс линзалары кездешет. Калыңдыгы 0,8 – 21,0 м. Гранулометриялык курамы: 0,005 мм – 9,6% ; 0,005 – 0,01 мм – 41,5%; 0,01 – 0,25 мм – 42,7%; 0,25 мм – 2,05%; 0,5 – 1,0 мм – 1,2%; 1,2 мм – 3,0%. Чоподон «75» жана «100» маркасындагы кирпич жасалат. Запасы А+В+С1 категориялары боюнча 5607 миң м3. Казылып алынууда.