БАЙРОН
БАЙРОН Жорж Ноэл Гордон (22. 01. 1788, Лондон – 19. 04. 1824, Миссолунги, Грекия) – англия акыны, романтизмдин көрүнүктүү өкүлү. Кембриж университетин бүтүргөн (1808). Байрон «Чайльд Гарольддун сапары» (1812-18), «Дон Жуан» деген поэмаларында өз заманынын маанилүү маселелерин козгоп, алдыңкы идеяларын даңазалаган. «Гяур» (1813), «Корсар» (1814), «Лара»

(1814) аттуу поэмаларында 19-кылымдын башындагы коомдон безген, деспотизмге каршы чыккан, бийликке баш ийбеген бунтчул жана индивидуалист каармандардын образын түзгөн. Ал азаттык идеясына жан-дили менен берилип, ага бүт өмүрүн, поэзиясын арнаган. Анын «Ман-фред» драмалык поэмасы (1817), «Каин» мистериясы, «Коло кылым» сатиралык поэмасы (1823) белгилүү. Байрондун «Шильондун туткуну» поэмасы жана бир канча ыры кыргыз тилине которулган.