БАЙЛАНЫШКАН ТЕРМЕЛҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:44, 17 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШКАН ТЕРМЕЛҮҮ байланышкан системалардын эркин кыймылы (термелүүсү). Алар өз ара аракеттенишкен жалгыз (парциал­дык) системадан турат. Бир парциалдык системадагы термелүү башка термелүүлөргө байланыш аркылуу таасир эткендиктен, байланышкан термелүү татаал болот. Сызыктуу системаларда байланышкан термелүү нормалдуу термелүүнүн суперпозициясы түрүндө болушу мүмкүн, мында термелүүнүн саны парциалдык системанын санына барабар. Бирок жыштыгы обочолонгон парциалдык системалардын өздүк жыштыгы менен дал келбейт.