БАЙЛАНЫШКАН СИСТЕМАЛАР
БАЙЛАНЫШКАН СИСТЕМАЛАР – эки же андан көп эркин даражага ээ термелүүчү системалар жыйындысы. Алар бири-бири менен өз ара аракеттенишет жана ар бири бирден эркин даражалуу болот. Мындай системага бир же бир нече термелүү контурлары кирет. Аларда бири-бири м-н байланыш болгондуктан, термелүү жана энергия бир контурдан экинчи контурга өтөт. Андагы байланыш жалгыз контурга салыштырмалуу резонанстык кубулуштун мүнөзүн өзгөртөт. Байланышкан системаларда качан сырткы таасирдин жыштыгы бүткүл системанын өздүк жыштыгынын бирине дал келгенде резонанс пайда болот. Мисисалы, эки контурдан турган байланышкан системаларда резонанс эки ар кандай жыштыкта пайда болот.