БАЙЛАДИЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 16 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАДИЛА – Индиядагы темир кендүү ири аймак. Мадхья-Прадеш штатында. Байладила тоо тизмегинде, 1200–1250 м бийиктикте жогорку сорттогу темирдин (Fе 65–69%) бир нече кени жайгашкан. Алардын ирилери: Байладила (жалпы запасы 1352 млн т), Жали-Ражхара (290 млн т), Ровгхат (237 млн т). 1958-жылы геологиялык чалгындоо жүргүзүлүп, 1968-жылдан жер бети­нен ачык казылып алынат. Кендер антиклинал­дык зона менен татаалданган синклиналдык структураларга топтолгон. Байладила кенинде 150 м те­реңдикке чейин 14 кенташ кабаты ачылган. Алардын узундугу 900–1500 м, калыңдыгы 30–60 м (чанда 150 м).