БАЙКАЗАКОВ
БАЙКАЗАКОВ Молдобай [1887, Чүй облусу, Кемин району, Жаңы-Алыш (мурдагы Сарбагыш) айылы –1943] – мугалим. Токмок шаарындагы татар мектебин бүтүрүп (1903), 1916-жылы Үркүндө Кытай

жерине эл менен бирге качып барган. Кытайдан өз айылына кайтып келип, мугалимдик ишин уланткан (1917). 1921-жылы Каракол шаарындагы мугалимдик курсту бүтүрүп, Жаңы-Алыш орто мектебинде 1934-жылга чейин мугалим болуп эмгектенген. 1934-жылдан Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Карл Маркс атындагы орто мектепте мугалим, мектептин директору болуп 1943-жылга чейин иштеген. Эл агартуу тармагындагы ийгиликтери үчүн 1939-жылы Ленин ордени менен биринчилерден болуп сыйланган.