КОНСТРУКЦИЯ (тил илиминде)
КОНСТРУ́КЦИЯ т и л и л и м и н д е – сөздөрдүн өз ара айкалышкан бирдиктери. Конструкциянын ички мазмуну сүйлөмдүн грамматикалык касиеттеринен ж-а синтаксистик байланыштарынан байкалат. Грамматикада төмөнкү түшүнүктөр бар: 1) баяндоочтук конструкция – ар түрдүү баяндооч м-н айкалышып, сүйлөмдүн бир бөлүгүн түзгөн синтаксистик конструкция; 2) тактоочтук конструкция; 3) чакчыл конструкция; 4) атоочтук конструкция. Конструкциянын өзгөчөлүктөрү ж-а алардын саны конкреттүү тилдин грамматикалык структурасына байланыштуу болот. Айрым конструкциялар бир нече тилге мүнөздүү болушу мүмкүн. Мисалы, жогоруда саналган конструкциялар көбүнчө түрк, славян тил топторуна мүнөздүү. Т е а т р д а г ы конструкция – 1) жасалгалардын көлөмдүү бөлүктөрүн орнотуучу каркас; түз, дөң жерлерди жасалгалоо ж-а аларды өзгөртүп туруу үчүн даярдалган, залда олтургандарга көрүнбөс үчүн үстү жабылган ар кандай формадагы түзүлүштөр; 3) жасалганы жылдыруучу механизм.