КОНВЕРГЕНЦИЯ (тил илимине байланышкан термин)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:11, 26 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОНВЕРГЕНЦИЯ 1 to КОНВЕРГЕНЦИЯ (тил илимине байланышкан термин)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНВЕРГЕ́НЦИЯ (лат. convergo – жакындашуу, окшошуу) т и л и л и м и н д е – тилдин тары­хый өнүгүшүндө кээ бир тыбыштардын ж-а ар башка тектеги тилдердин окшошуп калышы. Мисалы, фонетикада конвергенцияга орус тилиндеги «ять» ж-а «е»; кыргыз тилиндеги «к», «кь» ж-а «г», «гь» тыбыштарынын окшоштугу. Конвергенциянын эки ас­пектиси бар: 1) глоттогоникалык конвергенция; 2) струк­туралык-диахрониялык конвергенция. Глоттогоникалык конвергенция – бир нече тектеш же тектеш эмес тилдердин мезгилдүү, ургаалдуу байланыштарынын неги­зинде структуралык окшош, жалпы белгилер­дин пайда болушу. Ага бир эле тилдеги бир нече диалектилердин биригиши, жалпы тилди (кой­нэ) түзүшү да кирет. Структуралык-диахрония­лык конвергенция – тилдеги варианттык же инвариант­тык ар түрдүүлүктү, айырманы азайтуучу тары­хый процесс. Мисалы77, индевропа тилдериндеги эки же андан көп а, о, е фонемаларынын инд-иран­дык а формасына окшошуп дал келиши. Струк­туралык-диахрониялык конвергенциянын булагы тилдик бирдиктердин позициялык шарттуу кырдаалы­нын өзгөртүлүп таралышы болуп саналат. Мын­дай аспектидеги конвергенцияны диахрониялык фоноло­гия теориясында Е. Д. Поливанов 1928-жылы иш­теп чыккан. Бул маселе Р. О. Якобсон тарабы­нан да 1930-жылы башкача терминдик аталышта иштелген. Фонологиялык конвергенциянын негизин айрым фо­немалык айырмалардын дефонологизацияла­нышы түзөт, башкача айтканда фонемалык ар түрдүүлүктүн азайышынан пайда болот. Конвергенция грамматикалык систе­мада да байкалат ж-а ошондой эле механизмге ээ. Мисалы, аналогия боюнча вариациялоо, грамматикалык фор­малардагы омонимияны жоюу ж. б. Мында грамматикалык жактан окшошуу же жакындашуу процесси жүрөт. Конвергенциянын антоними – диверген­ция.