ЗАРДОБУКА СЫМАП КЕНИ
ЗАРДОБУКА СЫМАП КЕНИ Ош облусунун Кара- Кулжа районунда, Чыгыш Алайдын Тоголок-Таш тоосунун кырында, Көк-Суунун баш жагында, деңиз деңгээлинен 3850–4070 м бийиктикте жайгашкан. 1970–72-жылдарда издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы меридиан багытындагы тик жарака менен үзүлүп, төмөнкү-ортоңку девондогу жанартоо-терриген тектери менен жабылган антиклиналдык бүктөлүүгө дуушар болгон силур менен төмөнкү девондун акиташ тектери түзөт. Кенташ эффузия жана акиташ тектеринин кошулган жериндеги жаракалуу зона менен туташ жаткан акиташ тегинин оң тилкесине (туурасы 50–200 м) топтолгон. Штокверк, жарака жана уя сымал кенташ тулкуларынын калыңдыгы 5–25 м, узундугу 100 мге чейин. Кенташ жалаң киновардан жана нукура сымаптан турат. Сымаптын өлчөмү бардык жерде бирдей эмес, орточосу – 0,58%. Кендин 20 м тереңдикке чейинки эсептелген запасы 1213 т.