КОМСОМОЛ (Сузак районунда­гы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:31, 25 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОМСОМОЛ 3 to КОМСОМОЛ (Сузак районунда­гы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМСОМО́Л (1940-жылга чейин К ы п ч а к - А б а д) – Жалал-Абад облусунун Сузак районунда­гы кыштак. Барпы атындагы айыл округунун борбо­ру. Деңиз деңгээлинен 730 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Сузак кыштагынан 11 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 3 км ара­лыкта. Кыштак 1927-жылы негизделген. Калкы 3018 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эм­гектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, маданият үйү, амбулатория бар. Байланыш ж-а соо­да түйүндөрү, тамактануу жайлары, үрөнчүлүк чарбасы иштейт.