КОМСОМОЛ (Сузак районундагы кыштак)
КОМСОМО́Л (1940-жылга чейин К ы п ч а к - А б а д) – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Барпы атындагы айыл округунун борбору. Деңиз деңгээлинен 730 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 11 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 3 км аралыкта. Кыштак 1927-жылы негизделген. Калкы 2380 (2008); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, маданият үйү, амбулатория бар. Байланыш ж-а соода түйүндөрү, тамактануу жайлары, үрөнчүлүк чарбасы иштейт.