АВИАМОДЕЛИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:20, 19 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВИАМОДЕЛИЗМ – техникалык же спорттук максатта учуучу аппараттардын, анын ичинде ракетанын моделин конструкциялоо жана түзүү. Техникалык авиамоделизм учуучу аппараттарды куруунун илимий-техникалык тажрыйбалары нын маанилүү маселелерин чечүүгө жардам берет. Орус ойлоп табуучусу А. Ф. Можайский 1-самолёт курууга анын моделинин (1876-1877) учуу шарттарын изилдөө менен жеткен. Н. Е. Жуковский авиамоделдерди учуруу менен нерсенин абадагы кыймылынын

Эркин учурулуучу авиамоделдер: 1 - планер; 2-резина моторлуу модель; 3 – таймерлүү модель.

законун ачкан. Азыркы учурда да тажрыйбалык самолётту жасоо үчүн, анын кичинекей модели аэродинамикалык түтүктө изилденип, мүнөздөөчү сапаттары аныкталат. Спорттук авиамоделизм спорттун кеңири тараган техникалык түрү. Техникалык жактан жакшы моделдердин учуу ылдамдыгы 100 км/ска., учуу убактысы бир нече саатка жана аралыгы жүздөгөн кмге жетет.