ЗАВОДСКОЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:15, 19 Март (Жалган куран) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАВОДСКО́Й – Чүй облусунун Москва районундагы кыштак. Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу. Райондун борбору жана темир жол бекети Беловодский кыштагынан 3 км түштүк-батыш тарапта. Деңиз деңгээлинен 720 м бийикте жайгашкан. Кыштак 1959-жылы отурукташкан. Калкы 684 (2025); мал чарбасы менен алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет.