КОЛОРИМЕТРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:12, 19 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛОРИМЕ́ТРИЯ ф и з и к а д а – түстү өлчөө ж-а аны сан жагынан туюнтуу ыкмалары жөнүндөгү илим. Ал 3 негизги түстү тандап алган системада түстүн координатасын аныктайт. Колориметрияда түстүн мүнөздөмөсү үч өлчөм, башкача айтканда сан жа­гынан өз ара байланышкан үч параметр м-н туюнтулат. Ошондуктан, колориметрияда түс сызыктуу мей­киндиктеги үч компоненттүү вектор катары сүрөттөлөт. Мүнөздөлүүчү нурланууну туюнткан үч нурлануунун түсү негизги түстөр деп аталат. Ар бири калган экөөнүн кошулушу аркылуу алынбай турган каалаган үч түс негизги түстөрдү түзөт. Кызыл, жашыл ж-а көк сыяктуу негиз­ги түстөрдөн турган колориметриялык система өтө кеңири колдонулат. Булардын аралашмасынан турмуш­та кездешкен бардык түстөрдү алууга болот.