КОЛОНКАЛУУ БУРГУЛОО
КОЛОНКАЛУУ БУРГУЛОО – тоо тектери тегерек алкак түрүндө бургуланып, колонканын ичинде керн болуп сакталуучу бургулоо. Мында тектердин талкаланган майда бөлүкчөлөрү насос м-н жиберилген сууга аралашып, үңүлмөдөн агып чыгат. Бургулоодон пайда болгон керн түтүктүн ичинде, скважинанын тереңдигине жараша колонканы толтура берет. Кезеги келгенде кыпчыгыч м-н керн бек кыпчылат да, колонканы өйдө көтөргөндө үзүлүп кетет. Аны сыртка чыгарып алат. Бургулоочу аспаптар атайын шаймандын жардамы м-н иштейт. Көтөрөт, түшүрөт, айлантат, снаряддарды жылдырат. Колонкалуу бургулоо бек, катуу тектерди бургулоодо, кендерди чалгындоодо, инженердик-геологиялык изилдөө иштеринде колдонулат.