АБДИРАИМШАМА, Абдираим Шаматов

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:34, 18 Март (Жалган куран) 2026 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДИРАИМ Шама (Шаматов) [1892-жыл, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Фергана облусу, Кокон уезди, Лейлек болуштугу (азыркы Баткен облусу, Лейлек району, Кара-Дабан айылы, Шорек-Ата конушу) – 1953-жыл, Тажик CСРи Ленинабад (азыркы Согду) облусу, Жийдели айылы] – жазгыч жана төкмө акын. Өз заманынын сабаттуу, билимдүү адамы болгон, беш- алты тилде сүйлөгөн жана жазган жаңы коомду курууда, колхоздоштурууну түптөөдө зор салым кошкон. Жаңы заман орногон алгачкы жылдарда жергиликтүү аймактагы агартуу кызматтарында жүргөндүгүнө байланыштуу ырлары окуу, тарбия иштерине арналган. Акындын эл арасына кеңири тараган санат, терме, насыят жанрындагы ырлары да арбын. Кыз-келиндерди окууга үндөп, теңдик заманды көп даңазалаган жана патриоттук мүнөздөгү ырларды жараткан. Ырларында турмуш, өмүр, аялдар эркиндигине көп кайрылган жана эски салттарды сындоо менен курч, ишенимдүү жогорку көркөмдүктө жазган. Бир топ ырлары араб тамгасында жазылган. Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда анын 1916–1929-жылдары жазган араб арибиндеги ыр дептери сакталып турат. Ак жеринен абакка түшүп, туткундуктун азабын тарткан акын:

“Жаштыктан эл бийледим журт аралап,

Туйлатып тулпар миндим жалын тарап,

Кудайдын кудурети картайганда

Жатамын карангы тамда, күндү самап”, - деп жазган.Акындык таланты толугу менен ачылып, чыгармачылыгы баралына келаткан чакта бийликтин кандуу жазалоосуна туш келген Абдирайим Шама уулу:

“Тоочак менен бууданга

Толубайдай сынчы элем,

Токтогулдай ырчы элем” - деп, арманын ичке катып, кыйла жылдарын колдон жулдурган. Абдираим Шама алгачкы билимди Замборучтагы (азыркы Ак-Суу айылы) медреседен алгандан кийин Маргалан медресесинде окуган. Медресени аяктаган соң 1903-жылы Кожентте (мурдакы Ленинабад шаары, Тажикстан) орус-тузем мектебин артыкчылык баракчасы менен аяктаган. 1904-1910-жылдарда ошол эле Кожентте мусулманча билимин дагы тереңдеткен. Совет бийлиги орногондо 1918-жылы туулган жери Лейлек районуна кайтып келип, ошол учурдагы коомдук саясий иштерге, жаштарга билим берүүгө активдүү катышкан жана басмачыларга каршы күрөшкөн. Өз заманынын сабаттуу, билимдүү адамы болгон, беш- алты тилде сүйлөгөн жана жазган жаңы коомду курууда, колхоздоштурууну түптөөдө зор салым кошкон. Жаңы заман орногон алгачкы жылдарда жергиликтүү аймактагы агартуу кызматтарында жүргөндүгүнө байланыштуу ырлары окуу, тарбия иштерине арналган. Акындын эл арасына кеңири тараган санат, терме, насыят жанрындагы ырлары да арбын. Кыз-келиндерди окууга үндөп, теңдик заманды көп даңазалаган жана патриоттук мүнөздөгү ырларды жараткан. Ырларында турмуш, өмүр, аялдар эркиндигине көп кайрылган жана эски салттарды сындоо менен курч, ишенимдүү жогорку көркөмдүктө жазган. Бир топ ырлары араб тамгасында жазылган. Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда анын 1916–1929-жылдары жазган араб арибиндеги ыр дептери сакталып турат. Ак жеринен абакка түшүп, туткундуктун азабын тарткан акын:

“Жаштыктан эл бийледим журт аралап,

Туйлатып тулпар миндим жалын тарап,

Кудайдын кудурети картайганда

Жатамын карангы тамда, күндү самап”, - деп жазган.Акындык таланты толугу менен ачылып, чыгармачылыгы баралына келаткан чакта бийликтин кандуу жазалоосуна туш келген Абдирайим Шама уулу:

“Тоочак менен бууданга

Толубайдай сынчы элем,

Токтогулдай ырчы элем” - деп, арманын ичке катып, кыйла жылдарын колдон жулдурган.

1920-жылы РКП(б) нын мүчөлүгүнө кабыл алынат. 1924-1927-жылдарда Оштогу аймактык элге билим берүү бөлүмүндө иштейт. 1927-жылы Сүлүктүдө райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы болуп эмгектенет. 1928-жылдын башында райондук жер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалат. 1924-жылдан 1933-жылга чейин элге билим берүү, мамлекеттик кызматтарда иштейт. 1933-жылы «эл душманы» деген жалган жалаа менен камакка алынып, ГПУ тарабынан атууга өкүм кылынган. Бирок, орус, казак, өзбек, татар, тажик тилдерин мыкты билген билимдүү адам суракка алып тергеген орус тергөөчүлөргө котормочу катары абдан керек болгондуктан, абактын администрациясы аны атуудан алып калган. Өкүмү 12 жылдык сүргүн менен алмаштырылып, ал Казакстандын аймагында орун алган атактуу КарЛаг абагына камалган. Түрмөдөн 1945-жылы бошонуп келет. Эркиндикке чыккандан кийин да артынан түшкөн куугунтук токтобой, акыры ал жер которууга мажбур болуп, оболу Кыргызстанга караган, кийин коңшу Тажикстанга карап калган кыргыздын Жийдели (Жигдели) айылына көчкөн. 1953-жылы ал Тажикстандын Жийдели (Жигдели) айылында каза болуп, сөөгү ушул кыштакта жерге берилген. Каза болгондон бир топ убакыт өткөндөн кийин 1992-жылы акталган. Лейлектен чыккан атактуу новатор педагог Гапыр Мадаминовдун демилгеси менен Абдираим Шаманын өмүрү жана чыгармачылыгы Лейлек районунун мектептеринин адабият боюнча окуу программасына киргизилип окутулууда. Ошондой эле Абдирайим Шама атындагы адабий сыйлыкты уюштуруу маселеси колго алынган. Акын туулуп өскөн Кара-Даван айылындагы орто мектепке 2004-жылы Абдираим Шаматов деген ысым берилген.

Б. Сурапбаева.