КОЛЛЕКТОР ТООСУ
КОЛЛЕ́КТОР ТООСУ – Алай кырка тоосунун түндүкк тармагы. Кадамжай районунда. Шаймерден ж-а Сүрмө-Таш сууларынын (Исфайрам-Сайдын сол куймасы) аралыгында жайгашкан. Батыштан түштүк-чыгыш ж-а түндүккө карай жапыздап 55 кмге созулат. Туурасы 13–15 км. Орточо бийиктиги 4400 м, эң бийик жери 5259 м (Талкуш чокусу). Кыры аска-зоокалуу; ири мөңгүлөрү (Егоров, Дуговa ж. б.) бар; капталдары өтө тик, терең ж-а тар капчыгайлуу. Бийик батыш бөлүгү пермдин сиенит-диорит, диорит ж-а гранит-диорит, ортонку бөлүгү девондун доломит, доломиттүү акиташ теги, жапыз түндүк чыгышы карбондун конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит тектеринен түзүлгөн. Тоого негизинен талаа (1800–1900 м бийикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а шалбалуу токой (арча м-н бадалдар; 1900-2900 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбалуу талаа ж-а сейрек бетегелүү талаа (2900-3300 м), түбөлүк кар мөңгүлүү гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.