КОЛЛЕКТИВДЕШТИРҮҮ
КОЛЛЕКТИВДЕШТИРҮҮ – 1920–30-жылдары колхоздоштуруу жолу м-н СССРдин айыл чарбасындагы өндүрүш процессин кеңейтүү ж-а мамлекеттештирүү. Мамлекет м-н партия жеке менчик дыйкан чарбасын толук көзөмөлгө алыш үчүн коллективдештирүү процессин баштаган. Коллективдештирүүнүн башталышына дан даярдоо кризиси себеп болгон. 1925-жылы дан түшүмүнүн молдугуна карабастан, дыйкандар ар кандай себептер м-н мамлекетке данды аз санда өткөзүп, өз пайдасына жумшагандыктан, дан экспорту төмөндөп, шаарларга дан жетпей калган. Айыл чарбадан түшкөн кирешелер өнөр жайды өнүктүрүүгө жумшалмак, натыйжада социалисттик индустриялаштыруу саясатына да коркунуч туулган. 1927-жылы ВКП(б)нин 15-съездинде айыл-кыштактарда коллективдештирүүнү ишке ашыруу жарыяланган. 1929-жылы массалык түрдө коллективдештирүү башталган. Колхоздун эң жакшы формасы катары айыл чарба артелдери белгиленген. 1929-жылы колхоздордун материалдык-техникалык базасын бекемдеш үчүн атайын машина-трактордук станцияларды (МТС) түзүү башталган. Коллективдештирүү кулакка тартуу саясаты (оокаттуу дыйкандардын ж-а коллективдештирүүгө каршылык көрсөткөн дыйкандардын мүлкүн тартып алып, аларды түрмөгө камап, башка жакка көчүрүшкөн же атып өлтүрүшкөн) м-н коштолгон. Жалпысынан 5–6 млн киши кулакка тартылып, анын ичинен 2140 миң киши 1930–38-жылдарда департацияланган.
Коллективдештирүүнүн зомбулук м-н жүргүзүлүшү, кулакка тартуу, базарларды жаптыруу ж-а атеисттик саясат ж. б. дыйкандардын нааразычылыктарына алып келген. Малды массалык түрдө союп жок кылуу башталган. 1931-жылы 4 млн киши айыл-кыштактарды таштап, шаарларга кетип калган. Коллективдештирүү Москва ж-а Батыш облустарында, Татар АССРинде, Нижегород крайында эң жогорку темпте жүргүзүлгөн. Коллективдештирүүнүн репрессиялык-конфискациялык чаралары кыштактардын өндүрүштүк потенциалын бузуп жиберген. 1932-жылы айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү 1928-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге, мал чарбачылык 53% кыскарган. 1932–33-жылдарда Украина, Волга бою, Ставрополь ж. б. райондордо ачкачылыктан 5 млн адам өлгөн. Коллективдештирүү негизинен 1937-жылы аяктаган. 1930–37-жылдарда жалпы коллективдештирүүнүн ж-а кулакка тартуунун жүрүшүндө дыйкан чарбаларынын саны 25,6 млндон 19,9 млнго чейин кыскарып, анын ичинде 18,5 млн (93,9%) 243,7 миңи колхозго бириктирилген. Коллективдештирүүнүн натыйжасында мамлекет колхоздордон түшкөн кирешелерди өз пайдасына жумшоого мүмкүнчүлүк алган. 1935–37-жылдарда айыл чарба өндүрүшү калыбына келе баштаган.
Ад.: Ивницкий Н. А. Коллективизация и раскулачивание (начало 30-х гг.). М., 1996; Зеленин И. Е. Сталинская «революция сверху» после «великого перелома». М., 2006.
К. Алымкулов.