АВАЧА ЖАНАР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:44, 17 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВАЧА ЖАНАР ТООСУ – Камчатканын түштүк-чыгышындагы аракеттеги жанар тоо. Бийиктиги 2741 метр «Жанар тоодогу жанар тоо» тибине кирет. Андезиттүү жана базальттуу лава, туф жана шлактан турат. Көп жолу атылган (акыркы жолу 1945-жылы). Капталдарында ташка өсчү кайың токою, жапалак бал карагай кездешет. Ага жакын жерде вулканология илимий станциясы иштейт.