АВАРИЯЛЫК КАБАРЛОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:06, 17 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВАРИЯЛЫК КАБАРЛОО – тоо-кен ишканаларында, шахталарда жана башка жайларда иш убактысында кокустукка каршы алдын ала чара көрүү, аны болтурбоо, башкача айтканда иш үстүндөгү жумушчуларды тез аранын ичинде коопсуз жерге алып чыгуу аракети. Авариялык кабарлоодо атайын байланыш аппараттары ИГАС-3, ГИС-1 колдонулат. Авариялык кабарлоо жарык энергиясы, байланыш түйүндөрү жана үн сигналдары аркылуу ишке ашырылат.