АВАРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:03, 17 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВАРИЯ (итал. avaria, ар. авар - зыянга учуроо, кыйроо) – ар кандай себептин натыйжасында машина, учуучу аппарат, станок, техникалык каражаттардын күтүүсүздөн зыянга учуроосу, бу-

Автострада авариясы.

зулушу. Экологияда Авария түшүнүгү чоң мааниге ээ. Ар кандай таасирлердин натыйжасында кандайдыр бир аймактын экологиялык стандартка жооп бербей жарактан чыгып калышы да Авария болуп саналат. Мисалы, Чернобыль АЭСиндеги Авария (1986-жылы апрель). Радиациялык булгануудан бул аймак (160 миң км2) көп жылдарга колдонуудан чыгып калган. Ошондой эле 1998-жылы май айындагы Барскон суусундагы Авариядан да жергиликтүү калкка жана аймакка бир топ залака тийген, кара: Барскон кырсыгы.