АВАНС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:46, 17 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВАНС (французча avance) — материалдык баалуулук, аткарылган иш жана көрсөтүлгөн кызмат үчүн алдыда боло турган төлөм эсебинен берилүүчү акча суммасы. Аванс кредиттин өзгөчө түрү болуу менен жеткирүүчүнүн, иш аткаруучунун жана кызмат көрсөтүүчүнүн жүгүртүү каражатынын көлөмүн көбөйтөт. Тышкы соода операцияларында Аванс контракттын жалпы суммасынын 10-15% ин түзөт. Контракт аткарылбаса, Аванс сөзсүз кайтарылып берилет.