КОКУС ПРОЦЕСС
КОКУС ПРОЦЕ́СС , с т о х а с т и к а л ы к п р о ц е с с, ы к т ы м а л д ы к п р о ц е с с, у б а к ы т т ы н к о к у с ф у н к ц и я с ы – окуяга жараша болуп өткөн ж-а өтүү ыктымалдыгы кандай экендиги алдын ала аныкталган процесс (башкача айтканда кээ бир системанын абалынын убакыттын өтүшү м-н өзгөрүшү). Кокус процесстин типтүү мисалы – Броун кыймылы, радиосигналдардын тоскоол учурда тарашы ж. б. Кокус процессти кээ бир элементардык окуянын көптүгүндө аныкталган Х(t) кокус чоңдугунун түркүмү катары кароого болот, мында t – убакыт. Ушул түркүмдөн алынган ар бир Х(t) конкреттүү кокус чоңдугу процесстин t моментиндеги абалы деп аталат. Кокуй процесстин 3 классы өтө маанилүү: көз карандысыз өсүндүлүү кокус процесстер классы; Марков процесстер классы; Гаусс процесстер классы. Орус математиктери А. А. Марков, А. Н. Колмогоров, А. Я. Хинчин, амер математиктер В. Феллер, Н. Винер, Ж. Дуб ж. б. Кокус процесстер теориясы боюнча маанилүү натыйжаларга жетишкен.