АВАНС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:32, 17 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВАНС (франсузча avance) — материалдык баалуулук, аткарылган иш жана көрсөтүлгөн кызмат үчүн алдыда боло турган төлөм эсебинен берилүүчү акча суммасы. Аванс кредиттин өзгөчө түрү болуу менен жеткирүүчүнүн, иш аткаруучунун жана кызмат көрсөтүүчүнүн жүгүртүү каражатынын көлөмүн көбөйтөт. Тышкы соода операцияларында Аванс контракттын жалпы суммасынын 10-15% ин түзөт. Контракт аткарылбаса, Аванс сөзсүз кайтарылып берилет.