АВАНЕСОВ Рубен Иванович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 17 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВАНЕСОВ Рубен Иванович [01 (14).0 2. 1902, Нагорный Карабах, Шуша шаары – 01. 05.1982, Москва] – орус тилчиси, СССР ИАсынын корреспондент мүчөсү (1958). СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1971). Москва фонологиялык жана лингвистикалык, география мектептерин негиздөөчүлөрдүн бири. Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн (1925). 1944-жылдан СССР ИАнын орус тили институтунда, ошондой эле Москва мамлекеттик университетинде эмгектенген. Тарыхый жана баяндама фонетика, фонология, орус диалектологиясы, орус тилинин тарыхы, орус орфоэпиясы менен орфографиясы боюнча илимий эмгектери бар.