КОКС КӨМҮРҮ
КОКС КӨМҮРҮ – жаратылышта кездешүүчү
отундун (таш көмүр, нефть ж. б.) абасыз чөйрөдө, өтө жогорку температурада өзгөрүшүнөн пайда болгон катуу зат. Пайда болушуна жараша таш көмүр, пек, нефть коксу деп үч түргө бөлүнөт. Көпчүлүгү таш көмүрдүн өзгөрүшүнөн келип чыгат. Эгерде т а ш к ө м ү р д ү температурасы 900–1050°Сге жеткен кокстоочу меште ысытса, түрдүү түспөлдөгү, боз түстүү, майда көзөнөкчөлүү катуу зат алынат. Бул кокс көмүрү деп аталат. Ал домна мештеринде, чоюн эритүүдө колдонулат.
П е к – көмүртекке бай, боз түстөгү жылтырак зат. Электрод өндүрүлөт. Н е ф т ь коксу нефтини кайра иштетүүдө алынат.