КОКС
КОКС – отундарды абасыз чөйрөдө жогорку температурада ысытуудан (кокстоодон) алынган катуу зат. Кокстун көпчүлүгү таш көмүрдөн алынат. Таш көмүр коксу – майдаланган көмүрдү кокс мешинде ысытуудан (900–1050°С) алынган майда тешиктүү катуу отун. Курамы боюнча графитке жакын. Жылуулук бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгү орточо алганда 7950 ккал/кг. Негизинен (80%) металл өндүрүүдө отун ж-а металлдарды калыбына келтиргич катары колдонулат. Жогорку температураны пайда кылуу м-н ылдам күйүшү, калыбына келтиргич сапаты анын көңдөйчөлөрүнүн көптүгүнө (45–55%), майдаланган бөлүкчөлөрүнүн кесектигине жараша болот. Көңдөйчөлөрү канчалык көп, кесегирээк бөлүкчөлөрдөн турса, анын беттешүү аянты ошончолук жогору болуп, ылдам күйөт ж-а калыбына келтирет. Ал домна мештеринде металлдардын оксиддерин металлдарга айландырууда ж-а чоюн алууда колдонулат (к. Кокстоо).