КОКОС АРАЛДАРЫ
КОКО́С АРАЛДАРЫ , К и л и н г – Инди океанынын чыгыш бөлүгүндө, Суматра аралынан түштүктө жайгашкан аралдар тобу. Австралиянын тышкы аймагы. Аянты 14,2 км2. Кокос аралдары 26 аралдан турат. Бул аралдардын үчөөндө гана эл бар. Калкы 629 (2009); негизинен малайзиялыктар (Хом аралында), ошондой эле европалыктар да жашайт. Калкынын 80%ке жакыны мусулман-сүннөттөр, калгандары христиандар ж-а башка диндердин өкүлдөрү да кездешет. Эл аралык аэропорту бар (Уэст-Айленд аралында; негизинен Австралия ж-а Түштүк-Чыгыш Азия м-н байланышат). Административдик борбору – Уэст-Айленд (калкы 200гө чукул, 2008; аталышы ушундай аралда жайгашкан). Бантам посёлкасынын калкы 400гө жакын (Хом аралында). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – австралия доллары. Климаты тропиктик пассаттык, нымдуу. Орточо температурасы 23–30°С; жаан-чачыны 2000 мм (негизинен январдан сентябрга чейин жаайт). Кокос пальмасы, бадал өсөт. Түндүк атоллу чектеш жаткан акваториялары м-н Пулу-Килинг улуттук паркынын аймагына туура келет. Аралдарды 1609-жылы капитан У. Киллинг ачкан. 1825-жылы 6-декабрда капитан Ж. Клюнис Росс башкарган экспедиция аралга келген. Ал 1827-жылы Түштүк атоллдун аралдарынын биринде посёлка негиздеп, суматралыктар м-н явалыктарды алып келип отурукташтырган. Алар дыйканчылык м-н алектенишкен. Росс 1831-жылы эки атоллго тең ээлик кылып, аралды үй-бүлөнүн менчиги деп жарыялаган. Аралга 1836-жылы апрелде атактуу табият таануучу Чарльз Дарвин келген. 1857-жылы Улуу Британия тарабынан аннекцияланып, 1878-жылы Цейлондун британиялык губернаторунун бийлигине баш ийдирилген. 1886-ж. Британия колониясы Стрейтс-Сетлментстин курамына киргизилип, мөөнөтсүз пайдаланууга Клюнис-Росстун үй-бүлөсүнө кайтарылган. 1955-жылы Австралияга берилген, бирок Клюнис-Росстун тукумдары ээлик кылып келген. Австралия өкмөтү 1978–86-жылдарда гана Клюнис-Росстордон сатып алган. 1984-жылы 4-апрелде аралдын жашоочулары Австралиянын курамына киргенге макулдугун берип, добуш беришкен. Аралдын экономикасынын негизин кокос өстүрүү ж-а туризм түзөт. Балык кармалат. Калкы негизинен портто эмгектенет. Автомобиль жолунун узундугу 22 км (анын 10 кми асфальтталган). Түштүк атоллдун борбордук лагунасында деңиз кемелери туруучу якорлуу жай салынган. Сыртка копра, кокос жаңгагы чыгарылат. Сырттан азык-түлүк ж. б. керектүү товарларды алат.
Ад.: Кокосовые Острова // Всё о странах мира, атлас-справочник. М., 2006; Кокосовые (Килинг) Острова// Большая Российская Энциклопедия. Т. 14. М., 2009.
Р. Карачалова.