АБЫЛОВ Мамбетжунус
АБЫЛОВ Мамбетжунус (01. 03. 1954, СССР, Кыргыз ССРи, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Жазы-Кечүү айылы) – генерал-майор (1997). Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси (2005). Экономика илимдеринин кандидаты. Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтту (1979), С. Орджоникидзе атындагы Москва башкаруу институтунун аспирантурасын (1983) бүтүргөн. 1979–1981-жылдары «Нарынгидроэнергокурулуш» курулуш башкармалыгында (Кара-Көл шаары) мастер, прораб, улук прораб, курулуш участогунун начальниги, 1981–1983-жылдары ФПИде окутуучу, 1983–1986-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик агрардык өнөр жайына караштуу «Чүй айыл курулуш» трестинин башчысынын орун басары, «Таласагропром курулуш» бирикмесинин начальнигинин орун басары, 1986–1991-жылдары «Ысык-Көл курулуш» трестинин башкаруучусу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик курулушунун экономика Башкы башкармалыгынын башчысы, Мамлекеттик курулуш башкармалыгынын төрагасынын 1-орун басары, 1991–1995-жылдары «Кыргызкурулуш» мамлекеттик концертинин төрагасы, «Кыргызкурулуш» АКнын коомунун президенти, 1995–1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, 1996–1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, 1998–2003-жылдары КРдин Малайзиядагы, 2005–2009-жылдары Түркиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген. КРдин Инженердик академиясынын академиги. Эл аралык инженердик академиянын мүчө-корреспонденти (Москва).