КОКОН АВТОНОМИЯСЫ
КОКОН АВТОНОМИЯСЫ , Т ү р к с т а н а в т о н о м и я с ы – Кокон хандыгынын ордуна түзүлгөн улуттук-демократиялык мамлекеттик түзүлүш. Ал Россияда жүрүп жаткан революцияларга (к. Февраль революциясы, Октябрь революциясы ж. б.) байланыштуу 1917-жылы 26–29-ноябрда (9–11-декабрь) жергиликтүү элдин улуттук кызыкчылыгын коргоо максатында Түркстан мусулмандарынын крайлык 4-съездинде жарыяланган. Бирок почта-телеграф кызматкерлеринин узакка созулган иш таштоосу ж-а демократиялык багыттагы гезиттердин катуу көзөмөлдө болушу съезд жөнүндө кабарды жер-жерлерге жеткирүүгө тоскоол болгон. Съезддин ишине 203 депутат, алардан сырткары «Шура-и Ислам» саясий партиясы ж. б. уюмдардан өкүлдөр катышып, Түркстанды башкаруу, Түштүк-Чыгыш союзуна (советтерге каршы Дон казак-орус өкмөтү тарабынан түзүлгөн Түндүк Кавказдагы уюм) кошулуу, Түркстан мусулмандар кеңеши, анын Аткаруу комитетин кайра шайлоо, учурдагы абал, ошондой эле Түркстан уюмдаштыруу жыйыны, крайда финансылоо ж-а милицияны уюштуруу маселеси каралган. 27-ноябрь, түнкү саат 24тө улуу орус революциясынын улуттардын өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү идеясын жетекчиликке алып, «Россия Федеративдүү Республикасынын курамында Түркстан улуттарынын аймактык эркин автономиясы түзүлдү» деген саясий чечим кабыл алынган. 28-ноябрда уюмдаштыруу чогулушу чакырылганга чейин бүт бийлик Түркстандагы Убактылуу кеңешке ж-а Түркстан Элдик жыйынына таандык деп жарыяланган. Кокон автономиясынын мыйзам чыгаруучу органы катары 54 адамдан турган Түркстан убактылуу совети ж-а өкмөт курамы түзүлүп, ага М. Тынышбаев (төрага), М. Чокай (адегенде тышкы иштер министри, кийин төрагасы), Агеев, Хожаев ж. б. киришкен. Кокон автономиясы Россияда түзүлгөн өкмөткө карама-каршы болбой, тескерисинче В. И. Лениндин идеялары ишке ашып жатканын ж-а «өкмөт өзүнүн бирден-бир милдети – азчылыктын укуктарын коргой тургандыгын» белгилешкен. Өз алдынча басма сөзү катары «Свободный Туркестан», «Знамя свободы» (орус тилинде), «Эл байрак» (казак, кыргыз, өзбек тилдеринде) ж. б. жарыяланып турган. Кокондогу бул жаңы өкмөттүн кадыры тез өсүп, «Шура-и Ислам», «Иттифак», «Мусулман эмгекчилеринин союзу» ж. б. уюмдар да аны колдоп чыгышкан. Мындай абалда большевиктер провокацияга барууга аргасыз болуп, 13-декабрдагы бейтарап митинг учурунда саясий ыдык көргөн деп, түрмөдө жаткан адамдарын бошотууга жетишкен. Ошондон кагылышуу башталып, 16 киши өлүп, түрмөдөн бошотулгандар кармалып, өлүм жазасына тартылган. Ушундай кандуу окуядан кийин Түркстан Эл комиссарлар кеңеши м-н Ташкент шаардык кеңеши В. И. Ленинге кайрылып, ага саясий баа берүүнү сураган. Улут маселеси боюнча комиссар И. В. Сталин ага «бийлик силердин колдо, демек директиваны да өзүңөр чыгаргыла» деп жооп берген. Анын негизинде большевиктер «Автономияны түзүү жөнүндөгү маселени уюмдаштыруу жыйыны гана чечиши керек», «Кеңеш өкмөтү автономия курууга каршы эместигин, бирок ал сөзсүз пролетардык формада болуу керектигин» айтып, Түркстан мусулмандарынын 4-съездинде кабыл алынган токтомдорду ж-а Кокон автономиясын мыйзамсыз деп тапкан. Ага жооп кылган Түркстан демократиялык кыймылы жалпы мусулмандардын 4-съездинин чечимин колдоого алып, 1917-жылы 25-декабрда Кокон шаарында мусулман жумушчу-дыйкан ж-а солдаттардын чукул чакырылган I съездин өткөрүшкөн. Ага катышкан 200 делегат жалпы мусулмандардын 4-съезди кабыл алынган чечимдерди колдогон токтом кабыл алышкан. Бирок мусулмандардын «Улема» партиясы ж-а Жети-Суу демократиялык кыймылы Кокон автономиясын колдоодон баш тартышкан. Ушуну м-н 20% калк шайлаган Ташкент шаардык кеңеши туура, ал эми калктын басымдуу бөлүгүнүн ой-тилегин көздөгөн мусулман элинин эки съездинин чечимдери туура эмес болуп табылып, крайда кош бийлик орногон. Натыйжада ага атаандаш Ташкент эл комиссарлар Совети Кокон автономиясын мыйзамсыз деп эсептеп, 1918-жылы февраль айында аларга куралчан интервенция уюштурган. Туруктуу аскери, курал-жарагы жогунан Кокон автономиясы тез эле кулап калган. Көптөгөн бейкүнөө адамдар набыт болуп, Кокон автономиясын жоюунун мындай жолу коомчулукту иренжиткен. Мисалы, ага катышкан Д. И. Мажара: «Бул жүрүштөн автономияны каалагандар гана эмес, аларга каршылар да жапа чекти. Талап-тоноо, зордуктоого жол берилди»,– деп жазган. Бирок большевиктер басымдуулук кылган Кеңеш мындай күнөөнү мойнуна албай, уяткаруу м-н гана чектелген. 1918-жылы май айында «Шури-и-Улема» таркатылат ж-а демократиялык маанайдагы гезит-журналдар жабылып, алардын жетекчилерин куугунтуктоо башталган.
Ад.: Национальный вопрос на перекрестке мнений, 20-е годы: документы и материалы/Сост. В. А. Горный и др. М., 1992; Абдуллаев Р. М. и др. Туркестан в начале XX века: К истории истоков национальной независимости. Таш., 2000; Исхаков С. М. Российские мусульмане и революция (весна 1917 г. – лето 1918 г.). М., 2003; Джуманалиев А. Политическая история Кыргызстана: Становление политической системы Кыргызского общества. Б., 2005; Агзамходжаев С. История Туркестанской автономии (Туркестан мухторияти). Таш., 2006.
К. Алымкулов.